"3000 катышуучу…" Чолпон-Атадагы марафондун жеңүүчүлөрү аныкталды (тизме)

Чолпон-Ата шаарында ШКУнун "Run the Silk Road" Ысык-Көл эл аралык марафону жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалымдагандай, кечээ, 3-майда өткөн марафонго 28 өлкөдөн келген 3000 катышуучу катышкан. Жалпы байге фонду 1 миллион 534 миң сомду түзгөн марафондо Казакстан, Беларус, Кытай, Өзбекстан, Монголия, Иран жана Кыргызстандын алдыңкы спортчулары да чуркаган.

Анда 42 чакырымда 1-орунга 200 миң, 2-орунга 140 миң, 3-орунга 100 миң, 4-орунга 70 миң, 5-орунга 50 миң, 6-орунга 20 миң сом берилген. Ал эми 21 чакырым аралыкта алдыңкы келген 6 спортчуга 70, 50, 30, 20, 10, 7 миң сомдон тапшырылган.

Абсолюттук категорияда эркектер арасында 42 чакырым аралыкка чуркоо:
1-орун – Гао Пен, Кытай (02:20:48);
2-орун – Юань Чаңлонч, Кытай (02:20:48);
3-орун – Бекзод Боймадов, Өзбекстан (02:25:49).

Абсолюттук категорияда кыз-келиндер арасында 42 чакырым аралыкка чуркоо:
1-орун – Екатерина Тунгускова, Өзбекстан (02:50:43);
2-орун – Елена Толстых, Орусия (02:58:14);
3-орун – Флорида Миниянова, Казакстан (03:12:04).

Абсолюттук категорияда айымдар арасында 21 чакырым аралыкка чуркоо:
1-орун – Наталия Тарасова (1 саат 30 мүнөт 12 сек);
2-орун – Екатерина Алексеева (1 саат 31 мүнөт 45 сек);
3-орун – Нурайым Эркебаева, Кыргызстан (1 саат 33 мүнөт 42 секунда).

Абсолюттук категорияда эркектер арасында 21 чакырым аралыкка чуркоо:
1-орун – Нодырбек Мураталипов (01:09:34);
2-орун – Отабек Ташкуватов (01:08:36);
3-орун – Тилекжан Жекшенаалы уулу (01:10:21).

Абсолюттук категорияда аялдар арасында 10 чакырым аралыкка чуркоо:
1-орун – Татьяна Шабанова (36:39);
2-орун – Айгүл Аржаникова (40:12);
3-орун – Яна Шарипова (43:02).

Абсолюттук категорияда эркектер арасында 10 чакырым аралыкка чуркоо:
1-орун – Павел Нибат (31:58);
2-орун – Константин Драгунов (32:21);
3-орун – Самат Казакбаев (32:52).

Мындан тышкары, марафондун алкагында 42, 21 жана 10 чакырым аралыктарда эркектер жана кыз-келиндер арасында жаш курактык категориялар боюнча (35-44 жаш, 45-54 жаш, 55-64 жаш, 65 жаштан жогору) жана майыптыгы барлар арасында жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу белектер менен сыйланышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан