Маркум Рим папасы Францисктин автоунаасы Газа тилкесиндеги балдарды дарылоо үчүн көчмө медициналык борборго айландырылууда. Бул тууралуу италиялык Corriere della Sera басылмасы жазды.
Басылма белгилегендей, Франциск каза болор алдында мындай өтүнүч менен Иерусалимдеги Caritas кайрымдуулук уюмуна кайрылган. Учурда Францисктин автоунаасы аталган уюмга тапшырылып, адистер аны медициналык аппараттар менен жабдып жатышат.
Эске салсак, Католик чиркөөсүн 12 жылдан ашык жетектеген Рим папасы 21-апрелде дүйнөдөн кайткан.