Социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин кол алдындагы кызматкерлерин тилдеп жатканы тартылган видео тароодо.
Видеодон анын сөгүнгөнүн да угууга болот. Анда Токторбаев берген тапшырмалары аткарылбаганына нааразы сыяктуу. Бирок видео качан тартылганы белгисиз.