Бишкектин Свердлов ички иштер бөлүмү коомдук автобустун терезесинен бутун чыгарып алган адам аныкталганын билдирип, видео жарыялады.
Маалыматка ылайык, 41 жаштагы кишиге Укук бузуулар кодексинин "Майда бейбаштык" беренеси менен протокол толтурулган. Видеодон ал өзүн жаман сезип уктап калганын айтканын угууга болот.
Эске салсак, 25-апрелде социалдык тармактарда эл ташыган автобустун терезесинен бир адам бутун чыгарып алып баратканы тартылган видео тараган.