Эркин күрөш боюнча Азия чемпиону жана Олимпиаданын үч жолку катышуучусу Айаал Лазарев аралаш мушташтагы (ММА) биринчи беттешинде жеңишке жетишти. Бул тууралуу "Спорт Якутии" басылмасы кабарлады.
Беттеш кечээ, 4-майда АКШнын Калифорния штатында HFC турниринин алкагында өтүп, болгону 13 секундга гана созулган. Анда Лазарев каршылашы Майк Моралести техникалык нокаут менен утуп алган.
Аралаш мушташтагы бул жеңиш анын профессионалдык деңгээлдеги биринчи беттеши болуп эсептелет.
Эске салсак, Айаал Лазарев 2024-жылы Париж Олимпиадасынан кийин карьерасын жыйынтыктаганын жарыялаган болчу.