Бүгүн, 5-майда белгилүү британиялык ырчы жана композитор Адель (Adele Laurie Blue Adkins) туулган күнүн белгилейт. Ал 1988-жылы Лондондун Тоттенхэм районунда төрөлгөн.
Адель дүйнөгө өзүнүн күчтүү вокалдык үнү жана жүрөктү козгогон лирикасы менен таанылган. Ошондой эле эл алдында жөнөкөйлүгү, өзүнүн юмору жана чыныгы эмоцияларын жашырбагандыгы менен белгилүү. Ал 2006-жылы Британиянын BRIT аткаруучулук өнөр жана технология мектеби окуу жайын аяктагандан кийин, 2008-жылы "19" аттуу дебюттук альбомун чыгарган. Бул альбом менен ал эл аралык деңгээлде таанылып, "Бош үмүттөрдүн артынан кууп жүрөм" (Chasing Pavements) жана "Сүйүүмдү сага сездирем" (Make You Feel My Love) сыяктуу хиттерди тартуулаган.
Анын 2011-жылы чыккан "21" альбому дүйнө жүзү боюнча 30 миллион нускада сатылып, "Сүйүү менен азаптын тереңинде" (Rolling in the Deep), "Сендей бирөө" (Someone Like You) жана "Жамгырга от жагуу" (Set Fire to the Rain) сыяктуу ырлары менен чоң ийгиликке жетишкен. Бул альбом менен ал алты "Грэмми" сыйлыгына ээ болгон.
2012-жылы Адель "Асмандан кулаган тагдыр" (Skyfall) аттуу "Жеймс Бонд" тасмасы үчүн жазган ыры менен "Оскар" сыйлыгын алган. Андан кийин 2015-жылы "25" жана 2021-жылы "30" аттуу альбомдорун чыгарып, "Салам" (Hello) жана "Мага аяр бол" (Easy on Me) сыяктуу хиттерди тартуулаган.
Аделдин чыгармачылыгы дүйнө жүзү боюнча 120 миллиондон ашуун нускада сатылып, ал 16 "Грэмми", 12 "Брит" жана "Оскар" сыйлыгына ээ болгон. Мындан сырткары "Алтын глобус" жана башка ондогон эл аралык сыйлыктары бар.
Адель тууралуу кызыктуу фактылар:
Жеке жашоосу:
2011-жылы ырчы Саймон Конеккти аттуу жеке ишкерге турмушка чыккан. Экөө 2012-жылы уулдуу болушкан. Алардын тою 2017-жылы жашыруун болгон. Бирок 2019-жылы эки жолго түшүшкөн.
2021-жылдан бери Адель спорт агенти Рич Пол менен мамиледе экенин коомчулукка билдирген.
2024-жылдын августунда Мюнхенде өткөн концертинде Адель күйөрмандарынын бири "Мага турмушка чыгууга макулсузбу?" деген жазуусу бар плакатты көрсөткөнүн көрүп, күлүп: "Мен сага турмушка чыга албайм. Анткени мен жакын арада турмушка аттанып жатам", - деп, колундагы төрт карааттык бриллиант шакегин көрсөткөн.
Бүгүнкү туулган күнүндө Адель 37 жашка толуп жатат. Ал өзүнүн чыгармачылыгы менен миллиондогон күйөрмандардын жүрөгүн багынтып келет, ошондой эле музыка дүйнөсүндө өзгөчө орунду ээлейт.
Ал 2024-жылдын ноябрында Лас-Вегастагы эки жылдык концерттик резиденциясын аяктагандан кийин чыгармачылыктан мөөнөтсүз тыныгуу алууну жарыялаган. Бул чечимин ал Германиянын Мюнхен шаарындагы концертинде билдирген.
2025-жылдын апрель айында Адель сүйлөшкөн жигити Рич Пол менен Лос-Анжелестеги "Лейкерс" (Lakers) баскетбол оюнуна катышып, коомчулукка көрүнгөн. Бул анын чыгармачылыктан тыныгуу алгандан кийинки эл алдына чыккан сейрек көрүнүштөрүнүн бири.
Ошентип, Адель учурда чыгармачылыктан тыныгууда болсо да, коомдук иш-чараларга активдүү катышууда.
5-майга карата жылнаама.