Ысык-Көл облусунда таштанды өрттөөчү заводдор курулат. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 5-майда облус башчысы Бакытбек Жетигенов Кытайдан келген Хунань Цзюньсинь Хуаньбао компаниясынын жетекчиси Дай Даогуо башында турган инвесторлор менен жолугушкан. Анда Балыкчы шаарында жана Ак-Суу районунда таштанды өрттөөчү заманбап заводдорду куруу маселелери талкууланган.
Инвесторлор азыркы учурда ушундай эле заводду Бишкек шаарында куруп жатышканын жана бул тармактагы тажрыйбасын Ысык-Көлдө да колдонууга даяр экенин белгилешти. Алар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап бүтүшкөнүн жана курулушту быйылкы жылдын ичинде баштоого мүмкүнчүлүк бар экенин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында облус жетекчилиги менен аталган компаниянын ортосунда макулдашууга кол коюлган. Макулдашуу боюнча инвесторлор заводдорду куруп, жабдуулап жана кызматкерлерди окутуу иштерин жүргүзмөкчү.