Израилдин коопсуздук кабинети Газа тилкесиндеги аскерий чабуулду кеңейтүү планын бир добуштан жактырганын The Times of Israel өкмөттүк булакка таянып жазды.
Басылма аталган планды ишке ашыруу АКШнын президенти Дональд Трамптын келерки аптада аймакка жасай турган иш сапарынан кийин башталары күтүлүп жатканын белгиледи. Ага чейин ХАМАС кыймылы менен ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишүү аракеттери көрүлүшү мүмкүн.
Times of Israel мындан тышкары коопсуздук кабинети Газага гуманитардык жардам жеткирүүнү жаңы механизмдер менен кайра баштоо планын да бекиткенин кошумчалады.