Бишкекте ордо боюнча окуучулар арасында өткөн мелдешти кайсы мектеп жеңип алды?

Бишкек шаарынын мэриясы мектеп окуучулары арасында улуттук спорт оюну – ордо боюнча мелдеш өткөнүн билдирди.

Маалымдалгандай, мелдешке шаардын төрт районунан тандалган 16 мыкты команда катышкан. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды:

  • 1-орун — №59 орто мектеп (Ленин району);
  • 2-орун — №79 орто мектеп (Ленин району);
  • 3-орун — №1 интернат-мектеп (Биринчи Май району).

"Бул турнир жаш муундар арасында улуттук баалуулукту сактоодо жана даңазалоодо маанилүү кадам болду. Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан