АКШнын Висконсин штатында 62 жыл мурун дайынсыз жоголгон аял табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар АКШ полициясына таянып жазышты.
Маалыматка караганда, Ридсбург шаарынын тургуну Одри Бэкберг 1962-жылы 7-июлда дайынсыз жоголгон. Ошол учурда ал 20 жашта болчу жана анын артында эки баласы калган. Аны издөө ачылбай калган тергөө иштерин кайрадан иликтөөнүн алкагында башталган.
Табылган аял тергөөдө үй-бүлөсүн өз ыктыяры менен таштап кеткенин айткан.