Алып баруучу, блогер Канат Шабданбеков уулдуу болду. Блогер мырза мындай кубанычтуу жаңылыгын социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Баламдын атын апам койду. Бардык куттуктоолорго ыраазымын! Баарыңыздарга жугуштуу болсун", - деп жазды ал.
Маалыматка караганда, блогер уулунун ысымын Имран койгон.
Белгилей кетсек, Шабданбеков былтыр май айында Нургүл аттуу бийкечке баш кошкон.