
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен жаран "Манас" эл аралык аэропортунан кармалды. Бул тууралуу 6-майда Чүй облустук ЖКККБдан билдиришти.
Кабарга ылайык, 1-майда саат 22:45 чамасында айдоочу бир унааны жана жөө жүргүнчүнү сүзүп, жүргүнчү ооруканада каза болгон. Ал эми айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү 29 жаштагы айдоочу экени аныкталган. Ал "Манас" аэропортунан кармалып, Кемин РИИБинин Тергөө кызматына жеткирилген.
Унаа айып аянтчасына токтотулуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.