АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путиндин Жеңиш күнүнө карата жарыялаган үч күндүк ок атышууну токтотуу чечимин колдоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Трамп бул сунушту "чоң жетишкендик" деп атап, учурдагы кырдаалды мурдагы абал менен салыштырганда олуттуу жылыш бар экенин белгиледи.
"Президент Путин жакында эле үч күндүк ок атышууну токтотууну жарыялады. Бул бир караганда анча чоң эмес мөөнөт болуп көрүнүшү мүмкүн, бирок башында кандай абал болгонун эске алсак - бул чоң жетишкендик. Мурун бизде Путин менен үч жыл бою сүйлөшпөгөн президент болгон. Бул жаңжалды башынан эле болтурбай коюуга болмок", - деди Трамп.
Мындан тышкары, Трамп Москва да, Киев да согушту токтотууга кызыкдар экенин кошумчалады.
"Менимче, азыр мунайдын баасы төмөндөп жатканын эске алганда, биз бул жаңжалды жөнгө салууга жакшы абалдабыз. Орусия муну чечүүнү каалайт. Украина да каалайт", - деп билдирди Трамп.
Эске салсак, Владимир Путин 8-11-май күндөрү ок атышууну убактылуу токтотууну сунуштаган. Украинанын президенти Зеленский бул сунушту четке какканын билдирген.