Бишкектеги "Азия Молл" соода борборунда бомба бар деп жалган билдирүү тараткан шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек милициясы бүгүн, 6-майда маалымдады.
Милиция тактагандай, 5-майда саат 19:30 чамасында "Азия Моллго" бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшүп, ал жердегилер сыртка шашылыш чыгарылган. Бирок бомба табылган эмес.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү таратуу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 30 жаштагы А.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Милиция даярдалып жаткан жардыруу жөнүндө атайлап жалган билдирүү тараткандыгы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын жана күнөөлүү деп табылгандар 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратыларын эскертет.