Чүйдө мыйзамсыз соода-сатыкка каршы рейд жүрүүдө (видео)

Чүйдө жолдун жээгинде мыйзамсыз соода-сатык кылгандарга, анын ичинде күйүүчү май саткандарга чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук жол милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ушул жылдын 30-апрелинен 15-майына чейин Чүй облустук ЖКККБ тарабынан "Соода-сатык" аттуу рейд жүрүүдө. Иш-чаранын негизги максаты - жол жээктерин иретке келтирүү жана мыйзамсыз күйүүчү май сатуулардын алдын алуу.

Мекеменин маалыматына ылайык, рейд учурунда жол боюнда күйүүчү май саткан жарандарга карата Укук бузуулар кодексинин 179-беренесине ылайык 3000 сомдон айып пул салынып, бир аптада 99 000 сом өлчөмүндө айып пул өндүрүлгөн.

Мындан сырткары, атайын жабдуусу жок, кооптуу жүк ташыган 4 айдоочуга аталган кодекстин 195-беренесине ылайык 70 000 сом айып пул салынган.

Салык кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте 7 тонна күйүүчү май мыйзамсыз сатыктан алынып, тиешелүү мекемелерге өткөрүлүп берилди.

"Соода-саттык" рейди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан