
Алай районундагы Гүлчө дарыясына түшүп кеткен 3 жашар кыздын сөөгү табылып, туугандарына берилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирүү таратты.
Айта кетсек, бүгүн, 6-майда жалпы 50 адам (15 куткаруучу, ИИМден 21 кызматкер, 10 жергиликтүү тургун) издөө иштерине катышып жаткан.
Буга чейин министрлик Гүлчө дарыясына түшүп кеткен 3 жашар кыз изделип жатканын
кабарлаган.