ТИМ Индия менен Пакистандын чек арасындагы кырдаалга карата билдирүү таратты

Тышкы иштер министрлиги Индия менен Пакистандын ортосундагы мамилелерде чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу билдирүү таратты.

Анда Кыргызстан эл аралык коомчулуктун чыңалууну басаңдатууга багытталган аракеттерин колдой турганы жана бул багытта диалогго эл аралык аянтчаларда көмөктөшүүгө даяр экендиги айтылат.

"Индия менен Пакистандын ортосундагы мамилелерде чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасы чек арадагы куралдуу жаңжалдын башталгандыгына терең тынчсыздануусун билдирет.

Достук мамиледеги өлкөлөр, Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөлөрү болгон Индия менен Пакистандын ортосундагы куралдуу кагылышуу аймактык жана глобалдык туруктуулукка коркунуч жаратат.

Кыргыз Республикасы тараптарды жогорку деңгээлдеги сабырдуулукту сактоого, куралдуу аракеттерден карманууга жана кырдаалды андан ары курчутуп жибериши мүмкүн болгон аракеттерден алыс болууга чакырат. Ошондой эле маселени тынч жол менен чечүүгө багытталган диалогду калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн билдирет. Биз эл аралык укуктун нормаларын жана талаштарды жөнгө салууга багытталган БУУнун резолюцияларын сактоонун маанисин баса белгилейбиз.

Кыргызстан ШКУнун мүчөсү катары уюмга мүчө Индия менен Пакистанды да жоопкерчиликке чакырып, ШКУнун уставында каралган талаштарды тынч жол менен жөнгө салуу принциптерине кайтууга үндөйт.

Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулуктун чыңалууну басаңдатууга багытталган аракеттерин колдойт жана бул багытта диалогго эл аралык аянтчаларда көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирет", - деп жазылат расмий кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан