
Президент
Садыр Жапаров Индия менен Пакистандын чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын социалдык тармактагы
баракчасына жарыяланды.
"Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон дос өлкөлөрүбүз Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануубузду билдиребиз.
Эки тарапты максималдуу сабырдуулукка, чыр-чатактын мындан ары күчөшүнө жол бербөөгө жана тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырабыз.
Кыргыз Республикасы дайыма стабилдүүлүктү, коопсуздукту жана эл аралык укукту урматтоону жактайт", - деп жазды өлкө башчы.
Белгилей кетсек, кечээ, 6-майда Индия "Синдур" аттуу атайын аскердик операциясын баштап, Пакистан көзөмөлдөгөн Кашмир аймагындагы бир катар объекттерге сокку жасаганы
кабарланды.