Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ала-Арча жаратылыш сейил багына барышты. Анда тартылган видеону Ала-Арчанын администрациясы социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Белгиленгендей, аларды президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев коштоп жүргөн.
Кечээ, 6-майда Садыр Жапаров Ала-Арчада эс алып жүргөн жарандар менен жолугушуп, айрымдары менен сүрөткө түшүп, суроолоруна жооп бергени маалымдалган.