"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо Хундай Грандер үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кетти. Бул тууралуу Чүй облустук жол милициясы кабарлады.
Анда маалымдалгандай, кырсык бүгүн, 7-майда саат 06:20 чамасында Бишкек-"Манас" аэропорту унаа жолунун 18-чакырымында болгон. Айдоочу рулга ээ боло албай калып унаа жолдун оң жагына чыгып ала салып кеткен.
Айдоочу Бишкектеги ооруканага "Тез жардам" менен жеткирилгени айтылды.