Бишкек мэриясы тургундардан жаңы асфальт төшөлгөн жерлерге кирбөөнү жана ошол жактарда жөө баспоону суранат.
"Шаарда эски жолдор оңдолуп, жаңы жолдор курулуп жатат. Жаңы асфальт төшөлгөн жерлерге самокат, велосипед менен кирген учурлар болууда. Бул жолдун бузулушуна алып келип жатат", - деп билдирди мэрия.
Адистердин айтымында, жаңы асфальт төшөлгөндөн кийин 24 сааттан 72 саатка чейин жумшак болот. Ошол учурда бут кийимдин же дөңгөлөктүн изи калса, кийин ал жер жарака же оюк болуп калышы мүмкүн. Мындай бузулуулар жолдун сапатын начарлатып, кошумча оңдоо иштерине ашыкча чыгымдарга алып келет.
Бишкек мэриясы тургундарды түшүнүү менен мамиле кылууга жана коомдук кызыкчылык үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырат.