Бишкекте бир катар автобустардын каттамы өзгөрөт (тизме)

Бишкектеги Чүй проспекти менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жай куруу боюнча ири долбоорго даярдык иштери башталды. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлайт.
Ага ылайык, 9-май саат 22:00дөн баштап Чүй проспектинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылат.
Буга байланыштуу жогоруда аталган аймакта курулуш иштери жүрүп жаткан мезгилде айрым автобустук каттамдардын кыймыл схемасы өзгөрөт:
  • Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрү кесилишкен бөлүктөгү №7, 34, 38, 166-маршруттук каттамдар Жумабек көчөсүнө багытталат;
  • Ушул эле кесилиштеги №5, 11, 16, 21, 25, 36, 50, 104, 129, 135, 152, 169, 216, 222, 227 жана 254-маршруттук каттамдар убактылуу Киев көчөсү аркылуу өткөрүлөт.
"Жол чырактын иштөө режими унааларга да туураланат, бул тыгынды азайтууга жардам берет", - дейт мэрия.
Долбоордо жолдун үстүн толугу менен ачуу пландалгандыктан бул иштер болжол менен 6 айдан 8 айга чейин созулат. Жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан