"Өчпөс полк" жүрүшүнүн жаңы маршруту маалым болду

9-майда Бишкекте "Өчпөс полк" жүрүшүнө байланыштуу айрым жолдор убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара саат 9:00дө Дайыр Асанов атындагы сейил бактан башталып, Жукеев-Пудовкин - Ибраимов көчөлөрү аркылуу Жеңиш аянтындагы "Өчпөс от" мемориалында жыйынтыкталат.

Буга байланыштуу жүрүш өтүүчү аймактарда жол кыймылы убактылуу чектелет. Тиешелүү көчөлөр алдын ала белгиленген схема боюнча жабылат.

Эске сала кетсек, буга чейин жүрүш Байтик баатыр - Абрахманов көчөлөрү аркылуу өтчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан