Жеңишбек Токторбаев бүгүн да Оштогу көчөлөрдү кыдырды (фото)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы кыдырууну бүгүн, 8-майда Көкүм-Бий көчөсүндө улантты. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мэр Осмонов көчөсүндө жайгашкан соода түйүндөрүн иретке келтирүү, сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана жол жээгине чейин тосмолоп алган курулмаларды алып салуу иштерин текшерди.
Андан ары шаар башчысы Көкүм-Бий көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан жолду оңдоо жана асфальт төшөөгө даярдык иштерин көрүп, тиешелүү кызматтарга жумуштарды тездетүүнү, белгиленген мөөнөттө, сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.
"Мэр Жапалак автоунаа базарында да болуп, ал жерде жасалып жаткан жумуштардын сапатын текшерди. Базарга келген сатуучулар менен кардарларга ар тараптуу шарт түзүү негизги максат экенин айткан калаа башчысы жумушту тездетип жасоону милдеттендирди", - деп билдирди мэрия.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан