Садыр Жапаров Бишкектеги Жеңиш монументине гүлчамбар койду (видео)

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата Бишкектеги Жеңиш монументине гүлчамбар койду.

Айта кетсек, бүгүн, 8-майда баш калаада Жеңиштин 80 жылдыгына карата аскердик парад өтөт. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров катышат.

Коргоо министрлиги билдиргендей, парадда 120дан ашык заманбап аскердик жана атайын техникалар көрсөтүлөт. Аталган техникалар Куралдуу күчтөрдүн балансындагы акыркы жылдары алынган жаңы үлгүлөр болуп саналат. Параддан өтүүчүлөрдүн катарында сооттолгон жол тандабас автомобилдик техникалары, “Тигр” өздүк курамы, аскердик мүлктөрдү ташуу автоунаасы, зениттик-ракеталык комплекстер жана башка техникалар бар.

08.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан