АКШ президенти Дональд Трамп 8-майды Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш күнү деп жарыялап, жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат Ак үйдүн расмий сайтында жарыяланды.
Документте айтылгандай, бул күнү Америка эли согушта курман болгондорду эскерип, дүйнөдөгү жана өз өлкөсүндөгү эркиндикти жана коопсуздукту сактап калууга болгон чечкиндүүлүгүн кайрадан тастыктайт.
"Бүгүн биздин өлкө союздаштардын нацизм менен фашизмди жеңишинин 80 жылдыгын сыймык менен белгилейт. Бул Жеңиш күнүндө биз америкалык куралдуу күчтөрдүн күчүн жана кайратмандыгын эскерип, эркиндикке болгон ыйык укукту коргоого милдеттенебиз", - деп жазылган документте.
Дональд Трамп өз сөзүндө, АКШ Экинчи дүйнөлүк согушка 1941-жылдын декабрында Жапония Перл-Харборго чабуул койгондон кийин аралашканын эске салды. Ал эми ага чейин, 1941-жылдын 22-июнунан тарта, нацисттик Германияга каршы Советтер Союзу, ошондой эле бир катар европалык өлкөлөр согушуп жаткан.
Жарлыкта жазылгандай, АКШ согушта 250 миңге жакын аскерин жоготкон. Трамптын айтымында, америкалык жоокерлердин курмандыгы болбосо, согушта жеңишке жетүү мүмкүн болбойт эле жана бүгүнкү дүйнө такыр башкача болмок.