Ильхам Алиев Москвадагы Жеңиш парадына катышпайт

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Лаостун лидери Тхонглун Сисулит Москвадагы Жеңеш парадына катышпайт. Бул тууралуу Орусия президентинин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Тилекке каршы, Ильхам Алиев келбейт деген кабар түштү. Алар муну Гейдар Алиевге арналган иш-чарага президент катышуусу керектиги менен түшүндүрүштү", - деген Ушаков.

Анын айтымында, Лаостун президенти коронавирус жуктуруп алганына байланыштуу иш-чарага келе албайт.

Орусиялык басылмалар жазгандай, Москвада өтө турган Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга 27 өлкөнүн лидери катышуусу күтүлүүдө. Азыркы учурда бир катар мамлекет башчылары Орусияга барышты. Алардын катарында Венесуэланын башчысы Николас Мадуро, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Бразиялиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва, Мьянманын лидери Мин Аунг Хлаин жана башкалар бар.

Белгилей кетсек, аталган иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан