9-11-май күндөрү республиканын тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 8-майда кабарлады.
Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу андай аймактарда сел жүрүшү мүмкүн жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.