Өлкөнүн спорттук күрөш боюнча өспүрүмдөр курама командасы Түркияда өткөн "Victory Cup 2025" эл аралык мелдешинде 13 медаль утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалымдалгандай, өспүрүмдөр курама командасы 5 алтын, 3 күмүш, 5 коло медаль утушкан.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Эркин күрөш боюнча:
- 45 кг — Арнур Нурсаидов
- 55 кг — Жакшылык Боробаев
- 60 кг — Талгарбек Ашымов
- 48 кг — Довудбек Баходиров
- 60 кг — Улукман Жекшенкулов
- 51 кг — Садыр Каипбеков
Грек-рим күрөшү:
- 60 кг — Эльдар Мурзакулов
- 45 кг — Нуркерим Кумарбеков
- 51 кг — Абдулазиз Моминов
- 48 кг — Байгелди Өмүрбеков
Кыздар күрөшү:
- 40 кг — Асема Асангариева
- 69 кг — Аяна Асамаликова
- 49 кг — Азема Калидинова
Курама командалардын жетекчилери:
- Эркин күрөш: Улан Надырбек уулу - улук машыктыруучу
- Грек-рим күрөшү: Дастан Мухтаров - улук машыктыруучу
- Кыздар күрөшү: Нурсултан Аскарбеков - улук машыктуруучу