"Эки күн убакыт берем". Президент саламаттыкты сактоо министрин кескин сындады (видео)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда Республикалык диагностикалык борборго пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Мамлекет башчысына ал жерде жүрөктүн оор патологиясынан жабыркаган 24 бала операцияны күтүп жатканы маалымдалды.
Маалыматка ылайык, операция башталгандан бери акыркы күндөрү 3 бала каза болгон.
"Чакырылган адистер борбордо квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шарттар жок экендигин билдиришти. Диагностика так маалыматтарды бербеген бир эскирген УЗИ аппаратында жүргүзүлөт. Толук кандуу стерилизациялык бөлмө жок – жабдуу каражаттары башка медициналык мекемеге унаа менен жеткирилип, бейтаптарды инфекция жугузуу коркунучуна дуушар кылууда. Кээ бир балдар операцияга мурдатан эле өөрчүгөн инфекция менен келип жатышат", -деп жазылат билдирүүдө.
Мамлекет башчы буга катуу нааразычылыгын билдирип, саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевди шалаакылык жана жол берилгис жоопкерчиликсиздиги үчүн кескин сынга алды.
"Министр биринчи кезекте медициналык мекемеде зарыл шарттарды түзүп бериши керек. Ар бир маселе чечилгенге чейин күнү-түнү ушул жерде болууга тийиш. Бул үчүн туура эки күн убакыт берем", - деген президент министрге сөгүш жарыялоону тапшырды.
08.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан