Америкалык "Уолт Дисней" компаниясы жана Абу-Дабинин алдыңкы көңүл ачуучу жайларын түзүүчү "Мирал" компаниясы Абу-Даби шаарында дүйнөлүк деңгээлдеги жаңы Диснейленд паркын куруу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Дисней компаниясы жарыялады.
Маалымдалгандай, бул парк Яс жасалма аралына, дүйнөнүн көп бурчунан келген саякатчылар үчүн көңүл ачуу жана эс алуу борбору болгон жерге курулмакчы.
Бул дүйнө жүзүндөгү жетинчи Дисней паркы болуп саналат жана ал жерде компаниянын белгилүү каармандары, окуялары жана аттракциондору Абу-Дабинин бай маданияты, кооз жээктери жана укмуштуу архитектурасы менен айкалыштырылат.
"Мирал" компаниясы бул долбоорду толугу менен каржылап, куруп, иштетмекчи. "Диснейдин" атактуу көркөм дизайнерлери, инженерлери долбоорду иштеп чыгууга жана дүйнөлүк деңгээлдеги кызмат көрсөтүүгө жооптуу болушат. "Мирал" буга чейин Ferrari World жана SeaWorld сыяктуу популярдуу долбоорлорду да ишке ашырган.
"Бул биздин компания үчүн абдан кубанычтуу учур. Абу-Даби өзүнүн искусствого жана чыгармачылыкка болгон урматы менен айырмаланат. Бул паркты куруу менен биз Дисней дүйнөсүн жаңы чөлкөмгө тааныштырабыз. "Диснейленд Абу-Даби" Дисней рухуна толгон жана ошол эле учурда араб маданияты менен айкалышкан уникалдуу жай болот. Бул келечек муундар үчүн кубанычтын жана эргүүнүн булагы болуп калат", - дейт Дисней компаниясынын башкы директору Роберт Айгер.
"Бул дүйнөдөгү эң заманбап жана интерактивдүү парк болот. Жээкте жайгашкан бул курорт бизге Дисней окуяларын жаңыча айтып берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул жаңы чөлкөмдөгү адамдарга Дисней дүйнөсүн тааныштырууга шарт түзөт", - деп кошумчалады "Диснейдин" өкүлү Джош Д’Амаро.
"Дисней паркынын Яс аралына келиши бул аралды дүйнөлүк деңгээлдеги көңүл ачуу борбору катары чыңдоодо тарыхый кадам болуп калат", - деп белгиледи "Мирал" компаниясынын башкы директору Мохаммед Абдалла Аль Зааби.
Бул жаңы парк толук бүткөндөн кийин "Диснейге" мүнөздүү көңүл ачуу, тематикалык жатаканалар, өзгөчө тамактануу жана соода жайлары, ошондой эле "Диснейдин" мурасын жана Абу-Дабинин келечектүү маданиятын даңазалаган окуялар менен камсыз болот.
Эске сала кетсек, "Дисней" компаниясы акыркы Диснейленд паркын 2016-жылы Шанхайга ачкан.
Учурда дүйнө жүзү боюнча 6 Диснейленд паркы бар. Алар төмөнкүлөр:
Ал эми жетинчи Диснейленд боло турган Абу-Дабидеги парктын курулушу быйыл башталып, 2030-жылга чейин бүтөрү пландалууда.