Молдовада депутаттар жыйынга баатырлардын портреттери менен келишти

Молдованын оппозициялык коммунисттер жана социалисттер блокторунун депутаттары бүгүн, 8-майда парламент жыйынына Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын портреттерин көтөрүп келишти. Бул "Өчпөс полк" аттуу эскерүү акциясынын алкагында өткөнүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Депутаттар ошондой эле 2025-жылды Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата – Улуу Жеңиш жылы деп жарыялоону сунушташты.

Парламенттин вице-спикери Влад Батрынчанын айтымында, бул күн – адамзат тарыхындагы эң жаман, фашисттик режимди жеңүү күнү катары тарыхта калат жана аны унутпай белгилөө керек.

Бирок парламенттеги көпчүлүк бул сунушту күн тартибине киргизүүдөн баш тартты.

Акыркы жылдары Молдовада Жеңиш күнүнө байланыштуу иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилип, Георгий лентасын (Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин символу) колдонууга тыюу салынган. Соңку эки жыл ичинде бул лентаны тагынган 500дөн ашык адамга айып пул салынганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан