Владимир Путин кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

Бүгүн, 9-майда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө башчысы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Биздин өлкөлөрүбүздө биз согуш талаасында теңдешсиз эрдиктери жана тылдагы жан аябас эмгеги менен нацисттик баскынчыларды талкалоого мүмкүндүк бергендердин элесин ыйык тутуп, урматтайбыз.

Жеңүүчүлөрдүн мууну бизге мурас кылып калтырган достуктун жана өз ара жардамдын жакшы салттары биздин мамлекеттердин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштык мамилелердин өнүгүүсү үчүн ар дайым бекем негиз катары кызмат кылат деп ишенем", - деп айтылат Путиндин куттуктоосунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан