Бишкекте Улуу жеңиштин 80 жылдыгын утурлай өткөрүлгөн парадда сапка тизилип өткөн аскер айымдардын видеосу коомчулукту суктандырды. Социалдык баракчаларда тараган көз жоосун алган айымдардын параддагы жүрүшү коомчулуктун жылуу пикирин жаратууда.
Чек араны коргоп, коопсуздукту камсыздап жаткан мырзалар менен теңтайлаша кызмат өтөп жаткан айымдардын эмгеги чоң. Анткени алар да тынчтык үчүн ата-бабалар алып келген жеңиштин желегин желбиретүүгө салым кошуп келет.
Айта кетсек, кечээ, 8-майда Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата аскердик парад өткөн.