Чүй облусунун Ысык-Ата районунун милиция кызматкерлери улуттар аралык кастыктын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чаранын алкагында Кант шаарындагы Азия медициналык университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү. Ал жерде Пакистан менен Индия өлкөсүнүн жарандарынын ортосундагы улуттар аралык жаңжалдын алдын алуу жана алардын ортосундагы чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында түшүндүрүү жүргүзүлгөндүгү маалыматта кошумчаланган.
Эскерте кетсек, 29-апрелде УКМК тарабынан Индия-Пакистан чек арасындагы кырдаалга байланыштуу чет элдик студенттер арасында көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айтылган. Ошондой эле чет элдик студенттерди окутуп жаткан мамлекеттик жана жеке жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүлгөн.