Бүгүн, 9-майда өлкө башчысы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгы менен бир катар өлкөлөрдүн башчылары куттукташты.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, куттуктоо катын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон, Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев, Беларус лидери Александр Лукашенко, Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд, Түркмөнстан Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жиберген.
Телеграммада бул тарыхый дата – эркиндикти жана көз карандысыздыкты коргогон бардык элдердин чыныгы баатырдыгынын, майтарылбас эркинин жана өз жанын аябоочулугунун символу экени белгиленип, өлкөлөр арасындагы достук байланыштар, кызматташуулар мындан ары да чыңдала берери кошумчаланган.