Бүгүн, 9-май - Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленүүдө. Бул күн - совет элинин 4 жылга созулган эң оор, эң кайгылуу Улуу Ата Мекендик согуштагы фашисттик Германиянын үстүнөн жеңишке жетишкен күн. Бул күнгө байланыштуу Кыргыз мамлекетинин бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, согуштун жана тылдын ардагерлерине сый-урмат көрсөтүлөт.
SUPER.KG порталы кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктайт. Мекен үчүн өмүрүн арнап, келечек үчүн күрөшүп согушта курман болгондордун элесине таазим этебиз. Жалпы согуш ардагерлерине, жеңишке салым кошкондорго ыраазычылык билдиребиз! Сиздерге чың ден соолук, бейпил турмуш, бакубатчылык жана узак өмүр каалайбыз. Мекенибизде тынчтык болуп, өлкөбүз гүлдөп, өнүксүн.