Бүгүн, 9-майда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналган "Өлбөс полк" аскердик-патриоттук акциясы өттү.
Жөө жүрүш Дайыр Асанов атындагы парктан башталып, Жукеев-Пудовкин жана Ибраимов көчөлөрү аркылуу Жеңиш аянтындагы "Өчпөс от" мемориалына чейин келди.
Иш-чарага бардык каалоочулар катышты. Жүрүшкө чыккандардын ар бири өз жакындарынын сүрөтүн колуна кармап, "Өлбөс полктун" колоннасында Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлеринин эрдигин эскеришти.