Кечээ, 9-майда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу концерт болуп өттү. Иш-чаранын өзгөчө коногу – Орусиянын Эл артисти, белгилүү ырчы Дима Билан болду.
Анын сахнага чыгышы өзгөчө форматта уюштурулду. Концерт учурунда чоң экранда көркөм-тасма стилиндеги театрлаштырылган видео көрсөтүлүп, анда үй-бүлөнүн жана мекендин баалуулугу, аларды коргоонун маанилүүлүгү тууралуу идея берилди. Ошол эле видеодо Дима Биландын ырдап жаткан көрүнүшү пайда болуп, ырдын жүрүшүндө ал сахнага жандуу үн менен кошулуп чыкты.
Көрүүчүлөр ырчыны жылуу маанайда тосуп алышты. Ал сахнада өзүнүн артисттик чеберчилигин жана жөнөкөйлүгүн көрсөттү. Андан соң көрүүчүлөрдү аралап ырдап, эл менен сүрөткө жана видеого түшүп, күйөрмандарын кубандырды.