Кечээ, 9-майда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу концерт болду. Майрамдык иш-чара Кыргызстандын жана Орусиянын белгилүү сахна чеберлеринин, эл жана эмгек сиңирген артисттеринин, профессионалдуу бийчилердин жана жаш таланттардын катышуусунда өттү.
Салтанатка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов, расмий делегациялар, шаар тургундары жана коноктору катышты.
Борбордук аянтта уюштурулган концерт театрлаштырылган көркөм көрүнүштөр, видеоинсталляциялар, эки өлкөнүн эмгек сиңирген жана эл артисттеринин, бийчилеринин аткаруусундагы номерлер жана дрон-шоу менен коштолду.
Иш-чара "Евразия" уюму, "Жеңиш 9/45" эл аралык патриоттук кыймылы жана Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулду.