Кечээ, 9-майда Москвага парадга барган мамлекет башчылары согушта курман болгондордун элесине таазим этип, Александр бакчасындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюшту. Бул иш-чарада президент Садыр Жапаров белги катары жерге жармаштырылган мамлекеттик туунун сүрөтүн сыйрып алып, чөнтөгүнө салып койду.
Социалдык баракчаларга тараган бул видео коомчулуктун алкоосуна татып, жагымдуу пикирлер менен коштолууда. Анда мамлекеттик символдорго болгон сый-урмат көрсөтүлгөндүгү айтылууда.
Айта кетсек, президент Садыр Жапаров 8-9-майда Орусияга иш сапары менен барып, Кызыл аянттагы парадга катышып келди.