Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы Иранда өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, мелдеште балбандар 1 алтын, 3 коло медалга ээ болушту. Алтын медалды 61 килограммдык салмакта Бекзат Алмаз уулу жеңсе, коло медалга Абдумалик Карачев, Икрам Хаджимурадов жана Бекзат Рахимов татыды.
Курама команда башкы машыктыруучу Азат Мирахимов жана улук машыктыруучу Эламан Догдурбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышкандыгы маалыматта кошумчаланды.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган иш-чаранын жалпы эсеби боюнча Кыргызстандын курамасы экинчи орунду
алган.