Чүй облусунун Кант шаарында атайын автоээнбаштык жасаган айдоочуга айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду. Бул туурасында ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Социалдык тармактарда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасын чимирилтип автоээнбаштык жасап, коомчулуктун тынчын алып жаткандыгы боюнча видео тараган.
Бул факты боюнча ЖКККББнын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аталган унааны таап, айдоочуга 15 миң сом айып салышты.
Кошумчалангандай, эми бул айдоочу кайталап автоээнбаштык жасай турган болсо, 6 айлык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.