15-октябрга чейин 16 орундан ашкан кичи автобустарга Бишкек–Ош унаа жолунан каттоого тыюу салынат. Бул туурасында ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча ЖКККББнын Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын батыш автобекетинде Төө-Ашуу аркылуу, Бишкек–Ош, Бишкек–Жалал-Абад, Бишкек–Талас каттамдарынын айдоочулары менен жолугушуу өткөрүлдү.
"Өкмөттүн бүйругу боюнча түшүндүрмөлөр берилип, климаттык шарттарды эске алуу менен 1-майдан 15-октябрга чейин сыйымдуулугу өзгөчө аз (16 отургучтуу) кичи автобустардын жүрүүсү боюнча талаптар коюлду. Ошондой эле айдоочулардын жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин сактоосу, лицензиялык жана уруксат берүүчү талаптарга шайкеш иш алып баруусу, транспорт каражаттарынын техникалык абалы, коопсуздук куру, ылдамдык чектөөсү, аялдамаларда токтоо сыяктуу негизги жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча айтылды", - деп белгиленген маалыматта.