Баракелде! Валентина Шевченко чемпиондук курун коргоп калды (видео)

UFCнин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Валентина Шевченко UFC 315 турниринде франциялык Манон Фиорону жеңип, чемпиондук курун коргоп калды.

Кыргыз мушкери Шевченко менен Фиоронун беттешүүсү турнирдин башкы беттеши болуп, толук 5 раундга созулду. Калыстар бир добуштан жеңишти учурдагы чемпионго беришти.

37 жаштагы Шевченконун карьерасында 25 жеңиш, 4 жеңилүү жана 1 тең чыгуу бар. Жалпысынан бул Валентинанын титулдук күрөштөгү 10-жеңиши. Ал титулду 8 жолу коргоп, 2 жолу жеңип, 2023-жылы Алекса Грассого утулуп калган.

Айта кетсек, UFC 315 турнири Канаданын Монреаль шаарында уюштурулду.

Валентина Шевченко франциялык мушкерди жеңди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан