ФИФАнын президенти Инфантино Бишкектеги FIFA ARENA кичи стадиону боюнча билдирүү жасады (видео)

ФИФА президенти Жанни Инфантино Кыргызстанда FIFA ARENA долбоорунун ишке кириши менен куттуктады. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Ал өз билдирүүсүндө Кыргыз футбол федерациясынын президенти Камчыбек Ташиевге жана футбол биримдигине ыраазычылыгын айткан.
"Ар бир футбол ойноону каалаган бала биз сүйгөн оюнду ойнош үчүн, үйрөнүш үчүн коопсуз жай менен камсыздалды", - деген Инфантино.
Ал эми биримдик маалымдагандай, аталган долбоорго алгачкылардан болуп Кыргызстан тандалган.
"Кыргызстанда бул долбоор Кыргыз футбол биримдигинин жетекчилиги алдында ишке ашырылууда. Бишкек шаарынын Октябрь районунун администрациясы менен биргеликте долбоордун пилотун ишке ашыруу үчүн №91 жана №60 орто мектептерине караштуу аймактар тандалган. Аталган мектептерде кичи фубол аянтчалары курулду.
FIFA ARENA долбоорунун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул инновациялык жасалма газонду пайдалануу, ал үчүн резина күкүмдөрүн толтуруу катары талап кылбайт. Оюн аянтчалары коопсуз, экологиялык жактан таза жана ФИФАнын заманбап техникалык стандарттарына ылайыктуу курулууда", - деп айтылат маалыматта.
11.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан