Бишкек–Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы К.Көлбаев атындагы тоннелинде маал-маалы менен чектөө киргизилет. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, ар бир чектөө 15-20 мүнөткө созулат.
"Жаз келип, малчылар мал-жандыктары менен Суусамыр өрөөнүнө жайлоого чыгып башташты. Мындан улам тоннель аркылуу мал айдап өткөн убакытта жол тыгынын болтурбоо жана коопсуздукту камсыздоо максатында унаалардын бардык түрүнө 15-20 мүнөт аралыгы менен эки тарабынан убактылуу жол жабылып турат", - деп айтылат маалыматта.