Зеленский Орусиянын сунушуна жооп узатты

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус лидери Владимир Путиндин эч кандай шартсыз түз сүйлөшүүлөрдү баштоо сунушуна жооп берди.

"Орустардын согушту токтотууну ойлоп жатканы жакшы жышаан. Дүйнөнүн баары муну көптөн бери күтүп келген. Согушту токтотуунун эң биринчи кадамы ок атышпоо болуп саналат. Киши өлтүрүүнү улантуунун эч кандай пайдасы жок. Биз Орусиянын ок атышпоо келишимин толук, узак мөөнөттүү жана ишенимдүү бекитет деп күтөбүз. Украина эртең, 12-майда жолугушууга даяр", - деп билдирген Зеленский.

Украина президентинин аппарат жетекчиси Андрей Ермак ок атышпоо келишими түзүлгөндөн кийин Киев сүйлөшүүлөргө макул болорун билдирди.

Айта кетсек, буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага 15-майда Стамбулда эч кандай шартсыз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан