Француз лидери Украина менен Орусиянын сүйлөшүүлөрү боюнча билдирүү жасады

Француз лидери Эммануэль Макрон Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украина менен түз сүйлөшүү сунушун "биринчи кадам" деп алкап, бирок бул толук кандуу сунуш эместигин билдирди. Анын айтымында, алгач ок атышууну токтотуп, анан сүйлөшүүлөргө баруу кажет. Ал мындай билдирүүсүн Киевден кетип жатып билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Айта кетсек, Европадагы төрт өлкөнүн лидерлери Украинага аскерий жардам көрсөтүүнү улантуу ниетин билдирген мамлекеттер тобунун "каалоочулар коалициясынын" жыйынына катышууга барышкан. Саммиттин жыйынтыгында алар 12-майдан баштап 30 күндүк ок атышууну токтотууга чакырган биргелешкен билдирүү жасашкан. Аны АКШ лидери да колдогон.

Бул арада Владимир Путин Киев бийлигин Стамбулга сүйлөшүүгө чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан