Кыргызстандык Ерлан Султангазиев каноэ жана байдарка менен сууда сүзүүдө Азия чемпиону болду (видео)

Кыргызстандык Ерлан Султангазиев каноэ жана байдарка менен сууда сүзүү боюнча Кытайдын Наньчан шаарында өткөн Азия чемпиондугунда алтын медалга ээ болду. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Спортчу байдарка менен 200 метрге жарышта 37,05 секунд көрсөткүч менен жеңишке жетти. Экинчи орун Таиланддын өкүлүнө, ал эми кытайлыкка үчүнчү орун тийди.

Айта кетсек, Наньчан шаарында 19 өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда өтүп жаткан турнир эртең, 12-майда жыйынтыкталат.

11.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан